19-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
БШК белгилегендей, мындай чечим «депутаттын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын» негизинде кабыл алынган. Абдалиев бул боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.
Мейкинбек Абдалиев парламенттин буга чейинки чакырылышынын да депутаты болгон. Анда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп шайланган. Ал депутат кезинде коррупция боюнча соттолгон Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду мактап, «мал уурдоо аял уурдоого караганда оор кылмыш» деп айтканы менен эсте калды.
Абдалиевдин мандаты «Ата Журт Кыргызстан» партиясына талапкерлердин тизмесинде катталган Арсланбек Эгембердиевге өткөрүлүп берилди. Ага буга чейин белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилген. Ал акыркы жылдары күйүүчү май сатуу менен алектенген «АККА Петролеум» компаниясын жетектеп келген. 2021-жылы Эгембердиев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 34-орунда турган.