Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди 19-сентябрга чейин ТИЗО-1де калтырды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук барагына жазды.
«Карабаев 46 күндөн бери ТИЗО-1де кармалууда. Кылмыш ишин токтотуп, аны үйүнө кое берүүнү талап кылам! Ошондой эле активисттер менен акындарга козголгон иштер боюнча Илимдер академиясынын басымы жана буйрутмасы менен чыгарылган эксперттик корутунудулар боюнча тергөө жүргүзүүнү талап кылам», — деди укук коргоочу.
Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» Карабаевдин камактагы мөөнөтү узартылганын ырасташты.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кесиптешин УКМКнын буйрутмасы менен «ыңгайлуу» эксперттик корутунду чыгарып бергени үчүн сынга алган. Көп өтпөй атайын кызмат Карабаевди «Жапырт башаламандыкка чакырык жасоо» айыбы менен кармап, сот 19-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Адвокаттар Карабаевдин күнөөсүнүн жалгыз «далили» – ал буга чейин айыптаган кесиптешинин кезектеги экспертизалык корутундусу экенин айтууда.