19-августта УКМК Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы 52 млн 800 миң сомдук 10,56 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган жер тилкеси буга чейин Кара-Кулжа токой чарбасы тарабынан Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы балдар лагерин куруу үчүн бөлүнгөн.
«Бирок, 1992-жылы балдар лагери бардык жабдуулары менен Ош тамеки комбинатына сатылып, Төлөйкөн тамеки иштетүү заводунун карамагына өткөрүлгөн. Ошол эле учурда бул лагерь иш жүзүндө иштебей, кароосуз калган. Натыйжада, “Ош-Дубек” ишканасы аталган жер тилкесин өз ыктыярлары менен мамлекеттин балансына өткөргөн», — дешти УКМКдан.