Ысык-Көл районунда селден 497 турак үй зыянга учурады

Image descriptionУчурда ӨКМдин кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантып жатышат. Бул үчүн 755 адам жана 59 даана атайын техника тартылган.

Министрликтин болжолдуу маалыматына ылайык, селден Ысык-Көл районунда 497 турак үй, үч социалдык мекеме (бала бакча, ФАБ жана китепкана) жана эс алуу жайлары зыянга учурады.

18-августта нөшөр жаандан улам сел жүрүп, Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарын, ошондой эле «Ысык-Көл Аврора» пансионатын жана «Karven Ысык-Көл» эс алуу борборун суу каптаган.

Суу ташкынынан эң көп Темировка айылы жапа чеккен, бул айылда жалпысынан 100дөн ашык үйдү суу каптаган. Мындан тышкары Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда да сел бир катар үйлөр менен жолдорду каптап, айрым жолдор убактылуу жабылган.

Селге байланыштуу Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.