Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Анын баштапкы баасы 600 миң сом деп белгиленди.
Парктын аянты 5,5 гектарды түзөт. Ал аймакта жалпы аянты 577,9 чарчы метрди түзгөн имараттар бар.
Келишимдин шарттарына ылайык, ижарачы аймакты жашылдандыруу менен алектенүүгө, санитардык тазалоону камсыздоого, парктын коопсуздук камераларын орнотууга, коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө жана башаламан соодага жол бербөөгө тийиш.
Ошондой эле ижарачы майыптыгы барлар жана жетим балдар үчүн акы албастан өз эсебинен жылына беш күндөн кем эмес аттракциондордо оюн-зоок кызматтарын көрсөтөт
Аукцион 20-сентябрда өтөт.
Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркын эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Илхам Алиев 2022-жылы ачкан.