Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кемин районундагы 353,3 гектарлык өндүрүштүк жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирди. Анын базар баасы 4,7 млрд сомдон ашык.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты М.Н.К. өзүнө байланышы бар компаниялар аркылуу өндүрүштүк жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган.