Быйылкы жыл Кыргызстанда кыян жүрүп, адам өмүрү кыйылган апааттуу жылдардан болду. «Клооптун» дата-журналисттери селдин себептерин, кезектеги табият кырсыгы өлкөнүн кайсы аймактарында катталышы мүмкүн экенин изилдеп көрүштү.
«Туугандар эс алып атканбыз. Жалпы 20-25 киши: эркектер, аялдар жана балдар элек. Бир кезде үшүп чыктым, унаага отуруп капчыгайдын жогору жагына жөнөдүк. Кайтып келсек баары [капчыгайда калгандар] сууда экен. Мунун баары биздин көз алдыбызда болду. Аларды куткара алган жокпуз», — деп эскерет Оштун тургуну Анара.
Ал күнү, 14-июлда, нөшөрлөп жааган жаандан улам тоодо сел жүргөн — ылай, таш, кум-шагыл аралаш катуу келген суу санаалуу мүнөттөрдө эле курулмаларды кыйратып, карабашыл кишилерди агызып кеткен. Кыян алгач «Мөл булак» эс алуу жайын жууп кеткен. Ошол күнү үй-бүлөсү менен туугандарынын үлпөт тоюнун алдында эс алганы келген Анара көз ачып жумган аралыкта төрт боордошунан айрылган. Арасында эки жаш бала, турмушка чыгам деп турган кыз дагы бар.
«Суу күтүүсүз келди да, жети метрдей өйдө көтөрүлдү, — деп эскерет Анара. — Үч аял дарактын бутагын кармап, аман калганын көрдүм. Бутакта бир саатча асылып турушту».
Бул ушул жайда Ош облусундагы суу ташкынына байланышкан апааттардын бирөөсү гана. Ага чейин, июндун аягында Абшыр-Ата айылын сел каптаган, анда 10 киши каза болгон, арасында эрезеге жете элек эки казакстандык бала бар болчу.
«Селден улам электр жарыгы жана байланыш үзүлгөндүктөн, алгачкы учурларда куткаруучулар менен байланышуу оор болду, — деп эскерет айыл башчысы Даутали Атакожоев. — Болжол менен [сел башталгандан] бир сааттан кийин каза болгон адамдардын сөөктөрү табыла баштаганын уктук. Дароо эле адамдарды чогултуп, издөө иштерин баштадык. Алгачкы күнү эле төрт кишинин сөөгүн таптык. Алар суу агызып кеткен унаанын ичинде болушкан».
Бир нече күндөн кийин ушундай эле кырсык Ош облусунун дагы бир аймагында — Кара-Кулжа районунда катталган. Анда сел бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү бараткан автоунааны агызып кеткен. Алардын ичинен 18 жаштагы кыз гана аман калып, атасы, апасы жана эки иниси каза болгон.
Жалпы 2024-жылдын алгачкы жети айында Кыргызстанда селден 22 киши каза тапкан. Алардын көбү — балдар. Быйыл акыркы 10 жылдагы селден адам өмүрү кыйылган учурлар эң көп катталган жыл болуп калды.
ӨКМдин өкүлдөрү селдин көп болуп жатканына жаан-чачындын күчөшү себеп дешет. Министрликтин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев Кыргызстанда ар 5-7 жыл сайын жаан-чачын көп катталып, ал селдерге жана жер көчкүлөрүнө алып келерин билдирди.
Жер көчкүсү — нымдуулуктун көптүгүнөн жана өз салмагынын таасиринен улам борпоң тоо тек массаларынын төмөн карай көчүшү. Демек, нөшөрлөгөн жаан кыяндын гана эмес, жер көчкүлөрүнүн да себеби болушу мүмкүн.
Сакыевдин айтымында, акыркы жолу мындай активдүүлүк 2017-жылы байкалган. Анда кар калың жаап, абанын температурасынын кескин жогорулап кетишинен улам көчкүлөрдүн саны көп болгон. Ошол жылы өлкө боюнча жалпы 167 жолу көчкү түшүп, 60 учурда өзгөчө кырдаал жаралган.
2017-жылы жазда Өзгөн районунун Аюу айылына 1 млн. куб метрлик жер көчкү түшкөн. Анда тоо тек массасы жети үйдү басып калып, 24 киши каза болгон. Өлкөнүн ошол кездеги өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ошол жылы адаттагыдан тогуз эсе көп жер көчкү түшкөнүн айткан.
ӨКМ жаан-чачындын активдүү мезгили 2024-жылы аяктап, кийинки жылы өлкөдө селдер кыйла аз болот деп болжоп жатат.
Миллиондогон сомдук зыян
Селдер адам өмүрүнөн тышкары, жыл сайын өлкөгө миллиондогон зыян алып келет. ӨКМдин эсебине ылайык, 2024-жылдын алгачкы жети айында Кыргызстан суу ташкындарынан дээрлик 1 млрд сом зыян тарткан. Көпчүлүк учурларда мындай табият кырсыктарынан катардагы жарандардын үй-жайы жабыркайт.
13 адамдан турган Абдылдаевдердин үй-бүлөсү Ош облусунун Достук айылындагы сегиз бөлмөлүү чоң үйдө жашачу.
Сел Анаранын жакындарынын өмүрүн алып кеткен ошол каргашалуу күнү — 14-июлда — Абдылдаевдер да үй-жайсыз калган. Азыр алар куткаруучулар берген чатырда убактылуу жашап жатышат.
«Бир туугандарым жууркан-төшөк алып келген, азыр ошолордо жатабыз. Үстүбүзгө бирден жууркан беришкен. Туугандарыбыз жөнөткөн азык-түлүк менен тамактанып жатабыз. Бул жерде эч кандай шарт жок», — деди үй кожойкеси Ильфат Маматова ыйламсырап.
Абдылдаевдердин үйүн түрттүрүүгө туура келген — ӨКМ селден соң аны жашоого жараксыз деп тапкан. Бактыга жараша, турак-жай камсыздандырылган эле. Бийлик Абдылдаевдерге 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөп берген. Азыр үй-бүлө мүчөлөрү там салып баштады, жакында пайдубалын куюшту.
Акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстанда селден улам жалпы 375 өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган. Суу ташкындары келтирген зыяндын жалпы суммасы 4,5 млрд. сомду түзгөн.
«Эскертүү берилди — бирок адамдар болбой эле тоого жөнөп жатышты»
Сел учурундагы ири кыйроолор тууралуу сөз кылып жатып, ӨКМнин орун басары Азамат Мамбетов каналдар менен дарыяларга курулган көпүрөлөрдүн жапыс экенине нааразы болду. Мындан улам сел агызып келген таштар, бак-дарактын бутагы илинип, топтолуп атып суу айланадагы үйлөргө каптайт.
«[Андан тышкары] сел ага турган каналдар, арыктар тазаланган эмес — айрым жерлерге бак өсүп кеткен. Дагы бир себеби: жер кыртышынын бузулушу, мыйзамсыз курулган көпүрөлөр, дарыянын жээгиндеги кооптуу аймактарда эс алуу борборлорунун курулушу — деп санап өттү Мамбетов. — Аны менен катар, жергиликтүү бийлик менен жарандардын ӨКМ тараткан билдирүүгө жана мекеменин аба-ырайынын өзгөрүшү боюнча эскертүүлөрүнө кайдыгер мамилеси дагы бар.
ӨКМ быйыл селден каза болгон 22 кишинин көбү эскертүүлөргө карабай, эс алууда жүргөндөр экенин билдирүүдө. Мындай учурларда министрлик тургундарга күтүлүп жаткан жаан-чачын жөнүндө эскертүү берип, тоого чыкпай турууну сунуштайт.
«24-июндан бери күн сайын жаан-чачын жөнүндө эскертүүлөрдү берип жаттык. 28-июнда да (ред — селге чейин) нөшөр жаан жөнүндө эскертип, сак болуп, жаратылышка эс алууга чыкпай турууну сунуштаганбыз. Бирок эл буга кулак салган жок! — деп билдирген ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов июлдун башында. — Ал күнү тоого [бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсү каза болгон эс алуу аймагына] миңдеген киши чыккан. А жыйынтыгында биз “күнөөлүү” болуп калуудабыз».
ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчисинин орун басары Байзак Оторбеков жарандар министрликтин эскертүүлөрүн эске алганда, курмандыктар болбой калышы мүмкүн эле деп эсептейт. Анын айтымында, ӨКМ сел ыктымалдыгы жөнүндө 2-3 күн алдын ала билип, өлкөнүн бардык уюлдук операторлору аркылуу дароо SMS-билдирүүлөрдү жөнөтөт.
«2024-жылы [ӨКМ] аба ырайына байланыштуу жарандарга 56 эскертүү жөнөттү. Бирок көпчүлүк учурларда адамдар эс алуусун алдын ала пландап коюп, тобокелдикке барып жатышат. [Алсак,] ошол эле Ноокат району — куткаруучулар ал жактагы эс алуу аймагынан миңден ашык кишини эвакуациялаган. Алардын баары биздин эскертүүлөрүбүздү алган деп ишенимдүү айта алам», — деди Оторбеков.
Сел коркунучу бар аймактардагы турмуш
ӨКМ сел — Кыргызстандагы эң кеңири тараган табият кырсыгы экенин белгилейт. Тоолуу рельефтен жана дарыялардын көптүгүнөн улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүү коркунучу бар. ӨКМдин 2024-жылга карата божомолуна ылайык, суу ташкындарынан Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары баарынан көп жабыркашы мүмкүн. Жалал-Абадда 22 миң турак үй сел коркунучу бар аймактарда жайгашса, алардын 10 миңи Сузак районуна туура келет.
ӨКМдин Мониторинг жана божомолдоо департаменти жыл сайын анализ жүргүзүп, божомол материалдарын жарыялайт. «Клооп» 2024-жыл үчүн жарыяланган маалыматтарды изилдеп чыгып, Кыргызстандагы сел жүрүү коркунучу бар аймактарда бери дегенде эле 55 миң турак үй бар экенин аныктады. Мындан тышкары тобокелдик аймактарында кеминде 157 мектеп жана 59 автожол көпүрөлөрү бар.
Бул сандар мында да көп болушу мүмкүн
55 миң — ӨКМ турак-жайдын санын көрсөткөн аймактардагы үйлөрдү санаганыбызда ушул сандар чыкты. Бирок башка аймактар тууралуу министрлик турай үйлөр жабыркашы мүмкүн деп маалымат бергени менен, так санын айткан эмес.
Сел коркунучу эң жогору болгон аймак — Сузак району. Анда тобокелдик зонасында 10 миңден ашык үй жайгашкан.
Мониторинг департаментинин өкүлү Мадина Аматованын айтымында, Ош жана Жалал-Абад облусунда кооптуу аймактарда жайгашкан турак-үйлөрдүн көптүгү бир нече факторго байланыштуу.
«Бул аймактар рельефи, географиялык абалы, климаты, жаан-чачындын көлөмү, калктын жыштыгы сыяктуу факторлордон улам селден көбүрөөк жабыркайт, — дейт ал. — Бул жагынан алганда Сузак району сел жүрүү жана жер көчкү түшүү ыктымалдыгы боюнча эң алдыда турат. Андагы борпоң топурак нымды өзүнө жакшы сиңирип алып, кыймылга келиши мүмкүн».
ӨКМдин Мониторинг жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев ал башкарган мекеме жыл сайын сел, жер көчкү жана таш уроо ыктымалдыктары боюнча божомолдорду даярдап, алдын алуу чараларын көрүшү үчүн тийиштүү мекемелер менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жөнөтүп турушарын билдирди. Алардын арасында сел өтүүчү каналдарды тазалоо, дарыялардын жээктерин бекемдөө жана тургундарды коопсуз аймактарга көчүрүү чаралары бар.
Сакыевдин айтымында, эгер нөшөрлөп жаан жаап, мөңгүлөр тездик менен эрип же бийик тоолуу аймактардагы көлдөр жарылса, мындай божомолдор орундалышы мүмкүн.
Бирок, эң башкысы — керектүү жабдуулардын жана адистердин жоктугунан улам, ӨКМ сел качан, кайда жана кандай күч менен жүрөрүн алдын ала айта албайт. Балким, кыргызстандык куткаруучуларда мындай мүмкүнчүлүк келечекте болуп калышы мүмкүн.
«Дүйнөдө сел тууралуу алдын ала маалымат бере турган жабдуулар бар. Бирок ал үчүн алынган маалыматтарды анализдеп, түрдүү параметрлерди өзгөртө ала турган адистер керек, — дейт Сакыев. — Азыр өнөктөштөр жана донорлор менен белгилүү бир жабдууларды орнотуу боюнча иштешип жатабыз. Бүгүнкү күндө пилоттук режимде беш станция орноттук. Келечекте бул түйүндү кеңейтүү үчүн системаны сыноодон өткөрүп жатабыз».