Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Чүй облусунун Кемин районундагы 353,3 гектар жерди мамлекеттик ипотекалык компания карамагына аларын билдирди.
«үйлөр 9 кабат болот. Ал жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батир курулат. Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет», — деп жазды Алагөзов.
Ал жер тилкесин потекалык компанияга өткөрүү чечимин президент Садыр Жапаров кабыл алганын кошумчалады.
Буга чейин УКМК Чүй облусунун Кемин районунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирген.