Эл өкүлү суракка чакырууга ал буга чейин жетектеген «Ыйман» фондунун ишмердүүлүгү негиз болгонун билдирди.
«Апамдын көрүшүн каалаган жок элем. Эми тактасын, көрсүн, суроолорду берсин. Эң башкысы көңүлүм ток, анткени каржы жагынан эч кандай маселе болгон эмес. Менин кеткениме беш жарым жыл болду, андан бери кайсы кагаздар калды, кайсылар жок экенин мен билбейм да. Бирок биз бардыгын мыйзам чегинде кылганбыз», — деди Кыдарбеков MediaHub басылмасына.
Быйыл июль айында аудиторлор «Ыйман» фондунун ишмердүүлүгүн текшере баштаган. Анын жыйынтыгында $5 млн боюнча отчёт жок экени аныкталып, фонддун мурдагы башкы эсепчиси кармалган.