22-августта Талас облусунда Париж Олимпиадасына катышкан спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды.
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна 1 млн сом, күмүш байге уткан балбан кыз Мээрим Жуманазаровага — 3 млн сом берилди.
Коло медаль алган Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова 500 миң сомдон, Үзүр Жусупбекова менен Жоламан Шаршенбеков 1,5 миллион сомдон алышты.
Балбандар Бекзат Алмаз уулу менен Айпери Медет кызына 300 миң сомдон тапшырылды.
Спортчулардын машыктыруучулары 100 миң сомдон 200 миң сомго чейинки суммада акчалай сыйлыктарды алышты.
Мындан тышкары белек катары спортчуларга бирден жылкы, балбан кыздарга зер буюмдар берилди.
«Кабар» агенттигинин маалыматына ылайык, иш-чараны президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү демилгелеп, Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы каржылады.