Эгемендик күнү Бишкекте өтө турган концерттин чыгымдарын демөөрчүлөр жабат

Image description31-августта Эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында ата мекендик жана чет өлкөлүк ырчылардын катышуусунда концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Чакырылган ырчылардын арасында орусиялык Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина бар. Мындан тышкары сахнага One in a Million деген чыгармасы менен белгилүү швециялык ырчы Bosson, италиялык аткаруучу жана композитор IN-GRID чыгат. Концерттин атайын коногу кыргызстандык ырчы Амирчик болот.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан чет өлкөлүк ырчыларга канча акча төлөнөрү тууралуу «Клооптун» суроосуна жооп беришкен жок.

«Концерттик программа толугу менен демөөрчүлөрдүн эсебинен төлөнгөн», — деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин Маданият министрлиги ири иш-чараларды өткөрүү үчүн 350 миллион сомго жабдууларды сатып алган. Анда мекеме ал техника Эгемендик күнүнө карата өтө турган иш-чараларда колдонуларын билдирген.