«Каяктагы тамакты сурайсыз?» — министр мугалимдерге тамак уюштуруу сунушуна жооп берди

Ысык-Көл облусундагы кеңешмеде мугалимдердин бири билим берүү министри Догдургүл Кендирбаевага кайрылып, мектептерде жогорку класстардын окуучулары менен мугалимдерди да ысык тамак менен камсыз кылууну өтүндү.

Ал ошондой эле мугалимдердин жакшы иштеши үчүн аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү керектигин белгилеп, мектептерде буфеттерди ачууну сунуштады.

Министр жооп катары мугалимдерге үйүнөн тамак алып келүү кеңешин айтты.

«Сиз часовик болуп иштейсиз. Каяктагы тамакты сурайсыз?! Сиздики ийкемдүү график, ортодо бош убакыттар болот. Дүйнө жүзүндө ланч-бокс деген система бар. Сиз жаныңызга эки сындырым нан, эки алма салып келип, термос алып алсаңыз болот. Менин шаардык мугалимдерге боорум ооруйт, алар эртеден кечке чейин иштешет. Класстарында 45-50дөн бала бар. Ошол эле маалда айлыктары силердикиндей эле. Түштөн кийин алар кошумча сабак беришет», — деди министр.

Февралда Билим берүү министрлиги 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамактын бир апталык болжолдуу менюсун сунуштаган. Анда тамак-аштын тизмеси бир бала үчүн 14 сом деп эсептелинген.
Акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттен бир баланын тамактануусуна жети сомдон бөлүнүп келген.