Баасы 1,9 миллиард сомдук жер, заводу менен мамлекетке кайтарылды

Image descriptionУКМКдан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен наркы 1 миллиард 953 миллион сомдук 17,7 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Аталган жердин 16,05 гектары завод, 1,2 гектары стратегиялык маанидеги объектилер экени айтылат. Ал жер 2004-жылы «Кум-Шагыл» жеке ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды.

«Бул өндүрүштүк комплекс жеке сапатка ээ шагыл, майдаланган таш казуучу карьерди, ошондой эле алардан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдар заводун камтыйт. 20 жыл бою бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес», — дешти атайын кызматтан.

УКМК кылмыш ишине тиешеси бар негизги шектүүгө эл аралык издөө жарыялап, башка адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.