«Уккусу келбесе, укпай эле койсун». Президент эгемендик күнүндөгү иш-чара тууралуу пикирин айтты

Президент Садыр Жапаров Эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтында өтчү концертке орусиялык ырчылардын катышып жатканы боюнча комментарий берди.

Ал маданият министри Орусиядан ырчылар «өз демилгеси менен келе жатканын айтканда чындап сүйүнгөнүн» белгиледи.

«Мурда Кыргызстан деген өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми биздин көз карандысыздыгыбызды куттуктап, эли-журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы», — деди ал.

Өлкө башчысы концерт маселесин «акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат» деген пикирде.

«Эсиңердеби, бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей коёт дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкө эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча-мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз», — деди ал.

Президент концерт тууралуу пикирин соцтүйүндүн айрым колдонуучулары Эгемендик күнү орусиялык ырчылардын келишине нааразылык билдире баштагандан кийин айтты.

31-августта Ала-Тоо аянтында орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, ошондой эле швед ырчысы Боссон жана италиялык ырчы жана композитор Ин-Грид өз өнөрүн тартуулайт.

Буга чейин маданият министр Эгемендик күнү өтө турган концерттин чыгымын демөөрчүлөр жабат деп билдирген. Көп өтпөй Президенттик администрациядан чет элдик ырчыларга эч кандай акча төлөнбөйт деп белгилешкен. Кийин министр орусиялык ырчылар өз демилгеси менен келе жатканын билдирип, элди «ири иш-чараларды саясатташтырбоого» чакырган.