Издөөдө жүргөн өзбекстандык кримтөбөл Салимбай Абдувалиевдин тарапташы кармалды

УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого» шектелип издөөдө жүргөн өзбек ишкери Салим Абдувалиевдин тарапташы кармалганын билдирди. Ал 68 жаштагы Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени айтылат.

«Кармалган кишинин Салим Абдувалиев жана буга чейин УКМК тарабынан кармалган 46 жаштагы шектүү менен Ташкент шаарында жолукканы маалым болгон. Тергөөнүн жыйынтыгында шектүү кылмыштуу топтун идеалогиясынан баш тартып, мыйзамга баш ийерин билдирди»,
— дешти атайын кызматтан.

УКМК өзбекстандык кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип, издөө жарыяланганын 6-августта билдирген.

Салим Абдувалиев Өзбекстанда «Салимбай байбача» деген каймана ат менен белгилүү. Ал мекенинде 2023-жылы декабрда кармалып, быйыл мартта «Мыйзамсыз курал сатуу» беренеси менен алты жылга соттолгон.