2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төртүнчү сессиясы ачылды.
Анда быйыл июнда бир мандаттуу округдардан шайланып келген жаңы депутаттар Айжигит Тыналиев менен Бакытбек Марипов ант берди.
Мындан тышкары «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин ордуна келген Арсланбек Эгембердиев, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаровдун ордуна келген Аккулу Бердиев жана «Ыйман Нуру» фракциясынан Нуржигит Кадырбековдун ордуна келген Эрнис Айдаралиев ант берди.