2-сентябрда Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Киров мектебинде жардыруучу зат коюлганы айтылып, күч түзүмдөрү текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, саат 13:34тө Ош шаардык милицияга белгисиз жаран телефон аркылуу байланышып, шаардагы Киров атындагы орто мектебинде жардыргыч зат коюлганын айткан.
«Учурда кароо иштерин жүргүзүп жатышат. Күч түзүмүнүн кызматкерлери жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилик курамы толугу менен ошол жерде», — дешти милициядан.
Сүрөт: Kloop