Билим берүү министрлиги Сокулуктагы окуучунун өлүмү боюнча комментарий берип, мектептен алыс жана сабактан тышкаркы учурларда балдарга ата-энелер жооптуу экенин билдирди.
«Окуя сабактан тышкаркы убакта болгон. Балдар ал күнү сабактан кийин мектептен чыгып кетишкен. "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, билим берүү уюмунун аймагынан тышкаркы жана окуу убактысынан кийин жүргөн окуучулардын ден соолугу жана өмүрүнө ата-энелер жооп берет», — дешти министрликтен.
5-сентябрда Чүйдүн Сокулук районундагы Комсомол айылында 9-класстын окуучусу каза болгону белгилүү болгон. Анын өлүмүнө 16 жаштагы баланын курсак тушка чапканы себеп болгону аныкталып, шектүү эки айга камакка алынган.