Президент Садыр Жапаров Азамат Юсуповду Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Юсупов буга чейин мекеме башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны 2021-жылдан бери башкарып келген Тойгонбай Абдыкаров 6-сентябрда кызматтан алынган. Андан бир күн мурда президент «Дин тутуу эркиндиги жана диний биримдиктер жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөргөн. Ага Минкабдын мүчөлөрү, депутаттар жана белгилүү диний ишмерлер катышканы кабарланган.
Кеңешмеде мыйзам долбоору кайра толукталып, парламентке анын жаңы редакциясы сунушталары белгилүү болгон.
Мыйзам долбоорунун азыркы вариантында адамдын жүзүн таанууга тоскоолдук кылган кийим кийгендерге айып салуу, ошондой эле диний негизде партия түзүүгө, дин ишмерлерине өлкөдөгү шайлоолордо талапкер болууга, үгүт иштерине катышууга жана шайлоо фонддорун каржылоого тыюу салуу сунушталууда.