Кыргызстанда «чет элдик өкүл» реестрине каттоо башталды

Юстиция министрлигинин сайтында «чет элдик өкүл» катары иштеген бейөкмөт уюмдардын жаңы реестри пайда болду.

Азырынча реестрге үч уюм катталган: «Евразия бизнес-клубу» менен JIA ишкерлер бирликтери жана Fauna & Flora компаниясынын өкүлчүлүгү. Билдирүүдө акыркысы айлана-чөйрөнү коргоо тармагында ишмердүүлүк жүргүзө турганы жазылган.

Юстиция министрлигинен «Клоопко» аталган реестрге киргизүү боюнча арыздар жаңы гана кабыл алына баштаганын билдиришти. Буга «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу чаралары жөнүндө» Минкабдын токтому 9-сентябрда гана күчүнө киргени себеп болгон.

Документке ылайык, Юстиция министрлиги арыздарды эки ай кабыл алат — бул аралыкта чет өлкөлүк донорлордон каражат алган жана «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген бейөкмөт уюмдар реестрге киргизүү боюнча арыз бериши керек болот. Бул талапты аткарбагандарга түрдүү санкциялар, анын ичинде уюмду жоюу чарасы да колдонулушу мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» мыйзамга 2-апрелде кол койгон. Анын айтымында, бул мыйзам пайда гана алып келет, себеби «баары ачык жана бирдей шартта иштейт». Ошондой эле Жапаров анда коммерциялык уюмдарга эч кандай куугунтук болбойт деп ишендирген.

Ага чейин ондогон бейөкмөт уюмдар менен активисттер президентти аталган мыйзамга кол койбоого чакырышкан. Алардын пикиринде, мыйзамдагы нормалар жарандык уюмдардын ишин катуу чектейт жана ачык эле репрессивдүү мүнөзгө ээ.

Мыйзамдагы нормаларды бузбастан ишин улантуу үчүн айрым бейөкмөт уюмдар ЖЧК же жеке ишкер катары каттоодон өтүү, болбосо уюмун биротоло жоюу чечимин кабыл алып жатышат. Арасында чет элдик каржылоодон баш тартууну туура көргөн уюмдар да бар.