Ош: Тамактануучу жайдан ууланган 10 адамдан стафилококк ауреус микробу табылды

Ош шаарында Umaroff кафесинен тамактангандан кийин ууланып, ооруканага кайрылган 10 адамдан стафилококк ауреус микробу табылды. Алар айыгып үйлөрүнө чыгарылганын 11-сентябрда Ош шаардык санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Бейтаптар 4-сентябрда кафеде тамактанып, анын эртеси күнү кусуп, ичи өтүп, ооруканага кайрылган. Ооруканага беш адам жаткырылып, калгандары амбулатордук шартта дарыланган. Уулангандардын арасында үч өспүрүм бала да болгон.

Уулануу фактылары аныкталгандан кийин кафе дароо жабылып, тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

«Жарандар ооруканага кайрыла баштаганда эле тамактануучу жайды жапканбыз. Ошол күндөн баштап тазалоо иштери жүрдү. Сакталып турган азык-түлүктөрдүн баары жок кылынды. Биз айткан талаптарды аткарган соң бүгүн кафени иштетүүгө уруксат берели деп жатабыз»— деп билдиришти санэпидемстанциядан.

Санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн кафеге 23 миң сом айып пул салынган.

Учурда бейтаптардын абалы туруктуу.