«Мекенчил» партиясынын бейбаштыкка шектелген өкүлдөрү акталды

Image descriptionБул тууралуу «Клоопко» Ленин райондук сотунан билдиришти.

10-сентябрда сот айыпталуучулар жабырлануучу менен жарашканы үчүн ишти өндүрүштөн кыскартып, «Мекенчилдин» өкүлдөрү Эрланбек Тагаев, Азамат Марипов, Нурак Акимов, Руслан Самудин уулу, Илимбек Исраилов, Мирлан Стамов жоопкерчиликтен бошотулду.

Алар апрелдин башында коомдук тамактануучу жайлардын биринде сабалып, мыйзамсыз кармалып турганын айткан кишинин арызынын негизинде кармалган. Бул боюнча «Бейбаштык», «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренеси менен иш козголгон.

Кийин президент «мекенчилмин» деген атты жамынып шантаж кылгандар бар экенин, буга чейин аларга «эскертүү» бергенин айткан.

Кармалганга чейин Исраилов фейсбукка видео жарыялап, «Тагай Ата» чайканасына «мекенчилдер» чогулган жерде жашыруун камера табылганын айткан. Андагы адамдар «подстава» кылуу аракети болгонун айтып, президенттин иш башкармалыгы менен администрацияда иштеген кишилердин атын аташкан.