Жапаров Олимпиадада кыргыз мушкерине көмөктөшкөн өзбек машыктыруучусуна унаа белек кылды

Image descriptionПрезидент Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов менен жолукту. Ал Хасановго Олимпиадада Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин ата-бабаларыбыз баатырларына ат тартуулаган. Азыр унааларды белекке берүү салтка айланды. Бирок салттын руху өзгөрүүсүз калат — бул өзгөчө эмгеги үчүн сый-урмат жана ыраазычылыктын белгиси», — деди президент.

Хасанов кыргыз мушкерине көмөктөшүүгө ойлонбостон макул болгонун белгиледи. Ошондой эле ал кийинки Олимпиадада Кыргызстан алтын медалга ээ болсун деген тилегин айтты.

Олимпиадада Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңген. Анын жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Парижге бара албай калган. Буга байланыштуу Мунарбектин секунданты болууга өзбекстандык Акмал Хасанов өз ыктыяры менен макул болгон. Кыргызстандык спортчуга жардам бергени үчүн ага Айтматов атындагы медаль ыйгарылган.