Билим берүү министрлиги Сокулук районундагы Комсомол айылында 9-класстын окуучусунун өмүрүн алган мушташ боюнча маалымат берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, мушташ сабактардан кийин мектептен эки чакырым алыс жерде болгон. Алгач анда 25-30 окуучу болуп, кийин жарымынан көбү кетип калган.
«2009-жылкы окуучу өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкондо балдар аны жасалма дем алдырып, бетине суу чачышкан. Бирок ал эсине келген эмес. Андан соң балдар тез жардам чакырышкан»,
— деп билдиришти министрликтен.
Мекемеден «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, балдардын «мектептин сыртындагы жана окуу убактысынан башка мезгилдеги» өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик толугу менен ата-энелерде экенин белгилешти.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» шектүү Вознесеновкадагы өспүрүмдөрдүн №14 түзөтүү абагына эки айга камалганын билдиришти.
Окуя 5-сентябрда болгон. Милиция кызматкерлери 16 жаштагы окуучу 9-класстын балдарын чогултуп, андан соң 15 жаштагы өспүрүмдү курсакка урганын аныкташкан. Жыйынтыгында жабырлануучу каза болуп калган.
Алгач бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Кийин иш «Денеге оор залал келтирүү» беренесине алмаштырылган.