Кыргызстанда эки орундуу жеңил тик учактар чогултула баштады

Тик учактардын видеосун президенттик администрациянын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук барагына жарыялады.

Тик учактын баасы — 60 миң доллардан ашык. Ал 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты үч саатта басып өтөт.

«Азыр мындай тик учактардан бешөө бар. Муну башкарууну үйрөнүп алыш оор деле эмес экен. Ошко унаа менен 10 саатта жетсек, бул тик учактар болгону үч саатта жетет экен», — деди Орунбеков.

Анын айтымында, тик учактар трансулуттук «Шумкар» корпорациясы тарабынан өндүрүлүүдө. Курама бөлүктөрүн Польшалык компания жеткирип берүүдө.