Ош шаарындагы SkyBar түнкү клубунда эс алуучулар ортосунда пикир келишпестик чыгып, 28 жаштагы милиционер сабалып комага түштү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрь болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында болгон.
Ош ОИИБдин кызматкери Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилген.
Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 21, 22, 23 жаштагы эки тургуну кармалып, «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
12-сентябрда Ош шаарынын соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, бир ай камакта калтырылды.
Ал эми жабырлануучунун дагы эки кесиптеши күбө катары өтүүдө. Териштирүү уланууда.