UFC: Валентина Шевченко атаандашын жеңип, чемпиондук курун кайтарып алды

Image description15-сентябрда АКШнын Невада шаарында өткөн турнирде кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко атаандашы мексикалык Алекса Грассону жеңип, UFC чемпиону титулун кайтарып алды.

UFC’нин маалыматына ылайык, 36 жаштагы спортчу UFC тарыхында жеңил салмак боюнча аялдар арасында эки жолу чемпион болгон алгачкы аял болду.

Буга чейин UFC уюму кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченкого ар бир титулун ийгиликтүү коргогону үчүн жети чемпиондук кур тапшырган.

Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун 2018-жылдан бери катары менен жети ирет коргогон. Мушкер айым өткөн жылы мексикалык спортчу Алекса Грассого жеңилип, кийинки беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

Шевченко 2021-жылы UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым деп таанылган. Ал эми Fighters Only журналынын жыйынтыгы менен ал 2022-жылдын мыкты мушкер айымы наамына татыган.