Көк бөрү федерациясы Казакстандын курамасын «Биримдик Кубогуна» чакырды

Image descriptionБул тууралуу федерациянын президенти Рамис Жунусалиев 16-сентябрда маалымат жыйында билдирди. Ал эки элдин достугун чыңдоого, көчмөндөрдүн мурасы болгон спортту мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айтты. Кубок 1-ноябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Бүткүл дүйнөлүк Кокпар биримдиги менен Эл аралык Көк бөрү биримдиги кызматташуу жөнүндө макулдашууга 8-сентябрда кол койгон. Анда эки тарап эл аралык жолугушууларды тийиштүү түрдө өткөрүүгө макул болушканы айтылат.

«Расмий чакыруу жөнөтүлдү. Мындай турнирлерди тез-тез өткөрүп туруу жаралган бардык пикир келишпестикти жоюуга жана федерациялар ортосунда сегиз жылдан бери жоголгон достук мамилелени калыбына келтирүүгө жардам берет»,
— деп эсептейт Көк бөрү биримдиги.