Коррупция үчүн соттолгондордун мамлекеттик кызматта иштешине өмүр бою тыюу салуу сунушталууда

Иллюстративдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «коррупцияга каршы күрөшүү» тармагындагы айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, коррупциялык беренелер боюнча соттолгондор үчүн айып пул салуу жазасы толугу менен жоюлат. Соттолгон адам күнөөсүн мойнуна алып, келтирген чыгымды төлөп бергенден кийин да белгиленген жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.

«Күнөөлүү деп табылган кызмат адамдарынын анча-мынчасы гана реалдуу мөөнөттөргө эркинен ажыратылууда. Көбүнчө айып пул гана салынууда, а алар мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына келтирген зыян соттун өкүмүнө дал келбей калууда», — деп жазылган долбоордун түшүндүрмөсүндө.

УКМК мындан тышкары күнөөлүү деп табылгандарды өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштешине тыюу салууну сунуштап жатат. Ошондой эле алар келишим боюнча аскердик кызматты да өтөй алышпайт.

Эгер кылмыш оор же өтө оор болсо, мындай тыюулар күнөөлүү деп табылган адамдын жакын туугандарына да колдонулат. Алар сот аткаруучу болуп же укук коргоо органдарына жумушка да кире алышпайт.

Коррупциялык беренелерге төмөндөгүлөр кирет: коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, мыйзамдуу ишкерликке тоскоолдук кылуу, атайылап мыйзамсыз келишимдерди түзүү, мыйзамсыз баюу, кызмат адамынын ишкерлик менен алектенүүсү, пара алуу, опузалап пара алуу, пара берүү, мыйзамсыз паспорт берүү жана шалаакылык.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин «кустуруу» жараянын башташкан. Ага ылайык, алдамчылык жана коррупция үчүн кармалган саясатчы же ишкер мамлекетке келтирген чыгымды төлөп берип, эркиндикке чыга алат.