Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин тергөө абагына камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-вице-премьер, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди 4-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Зилалиевдин кармалганы 13-сентябрда белгилүү болгон. Басылмалардын маалыматына ылайык, аны кен иштетүүгө лицензия берүүдөгү жемкорлук шеги менен УКМКнын кызматкерлери кармаган. Бул иш боюнча ошондой эле Геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган.

2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияланбаган үйлөрү, батирлери жана банк эсебинде ири өлчөмдө сумма бар экенин аныкташкан. Анда ал ишти саясий шоу деп атап, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Сот ал иш боюнча экс-вице-премьерди тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2021-жылы июнда Жогорку сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Зилалиев 2023-жылы кайра кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин башкарып турган 2017-жылы Б.Р. аттуу жаранга кен иштетүүгө лицензия берүүнү убадалып, андан 50 миң доллар алган. Жыйынтыгында Зилалиев маселени чечпей, алган акчаны кайтарып берген эмес. Кийин арыз жазган адам айыптоолорунан баш тартып, Зилалиев эркиндикке чыккан.