Окуяны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри көзөмөлгө алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.
Ысык-Көлдө 9 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу 16-сентябрда белгилүү болгон. Шектүү катары Барскоон айылынын 19 жана 25 жаштагы эки тургуну кармалган. Окуяны ички иштер министри да көзөмөлгө алган.