Нурланбек Шакиев: Жоолук менен дааватка тыюу салынбайт

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча пикирин билдирди.

Ал «мамлекет дин иштерине аралашпай турганын» билдирди.

«Мыйзам долбоорун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистери менен аалымдар жазып келишет. Ошонун негизинде көрөбүз. “дааватты токтотот экен, жоолукту чечтирет экен” деп ар кандай чектөөлөрдү айтып жатышат. Андай болбойт. Биздин салтыбызда да, динибизде да болгон, кыз-келиндер, апалар жоолук салынган. Ал эми дааваттын жардамы менен аракечтик, баңгизат, сойкулук жоюлуп келген», — деди төрага.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Анда дин тутуу тармагындагы айрым маселелерди, анын ичинде адамдын жүзүн жапкан диний кийимдерди күйүүнү мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө керектиги жазылган.

Мындан тышкары демилгечилер динди жайылтуу максатында үй, бала бакча, мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди кыдыруу үчүн каралган айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунушташкан.

Демилге коомдо кызуу талкуу жаратып, президент кеңешме өткөргөн. Анда долбоор толукталып, парламентке кайра жөнөтүлөрү белгилүү болгон. 6-сентябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абыкаров иштен алынган.