ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын экс-башчысы үй камагына чыкты

Image descriptionМаалыматты «Клоопко» Биринчи май райондук сотунан ырасташты. Сот 13-сентябрда Рафик Мамбеталиевди камакка алуу жөнүндөгү УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн четке кагып, 21-октябрга чейин үй камагына чыгарган.

УКМК ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жана Маңзат сатууга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиевди кармаганын «Клоопко» күч түзүмдөрүндөгү булагы ырастаган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, Мамбеталиев «күч менен бийликти басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азырынча иштин чоо-жайы белгисиз.