УКМК: Балыкчыдагы ун комбинаты жер тилкелери, имараттары менен мамлекетке кайтарылды

Image description19-сентябрда УКМК Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы дээрлик 289 миллион сомдук ун заводу имараттары жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылганын билдирди.

«Жер тилкеси бар тегирмен, суу алуучу курулма, даяр продукция кампасы, трансформатордук имарат, жашылча сактоочу жай мамлекетке кайтарылды», — дешти атайын кызматтан.

Завод мурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызмат адамдары тарабынан менчикке чыгарылганы айтылат. Кийин бул боюнча «коррупция» беренеси менен иш козголгон.