Таштанбеков: Ысык-Атада акимчиликтин кызматкери аял болгону үчүн иштен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков парламенттин 19-сентябрдагы жыйынында Ысык-Ата районунда акимчиликте иштеген кызматкер аял болгону үчүн иштен алынганын билдирди.

Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, акимдердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү өтүндү.

«Кечээ [райадминистрациянын] аппарат жетекчиси кайрылды. Анын айтымында, [аким] ага: "сен аялсың, мага эркек кызматкер керек, жумуштан кет” дептир. “Колуңдан келбейт, жумуштан кечигесиң” деген сөздөр менен аял болгону үчүн [иштен] четтетүүгө болбойт. Бул Конституцияны бузуу», — деди Таштанбеков.

Кыргыз саясатында жана мамлекеттик кызматтагы гендердик теңсиздик маселеси көп жылдан бери олутуу көйгөй бойдон калууда. Аялдар үчүн саясатка аралашып, жетекчилик кызматтарда калуу кыйыныраак.

«Клооп» 2021-жылдагы изилдөөсүндө Кыргызстанда аткаминерлер үчүн «айнек шып» бар экенин аныктаган: кызмат орундары канчалык жогору болсо, аялдар ошончолук аз болот.