Акыйкатчы Зардалыдагы тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткен облусунун алыскы Зардалы айылындагы окуучулардын билим алууга болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырды.

Акыйкатчы институтунун Баткендеги өкүлү Зардалыдагы тургундардын абалын жеринен көрүп келген. Айылда билим берүү аксап, мугалимдер жетишсиз, китептер тартыш экени аныкталган. Тургундар Билим берүү министрлигине директорду сынагы жок эле, түз дайындап берүүнү сунушташкан.

«1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан жети гана бала билим алып, эки мугалим эмгектенүүдө. Бир канча убактан бери директору жок. Ар бир сабак боюнча бирден үлгүдөн гана китептер бар. Балдарды ысык тамак менен камсыздоо да толук кандуу уюштурулган эмес. Окуучулар үчүн бир айга бир коробка печенье жана вафли гана берилет», — дешти Акыйкатчы институтунан.

Зардалыда тургундардын көпчүлүгү орто жаштан өткөндөр. Жаштар окуп, иштеп кетип, катаал шарттардан улам кайтып келгиси келбегени айтылат. Айылда оорукана жана электр жарыгы жок экени белгиленет.

«Айылды облус менен байланыштырган жалгыз шагыл жол алты ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып калып, сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт. Кышында тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө-жалаңдап катташат», — деп белгилешти институттан.

2022-жылы «Кыргыз интернет» фонду мектепке Wi-Fi орнотуп, бирок быйыл майда жабдыктар иштен чыккан. Уюлдук байланыш жок болгондуктан, тургундар мектептеги Wi-Fi аркылуу өлкөдөгү жаңылыктардан кабардар болуп турушкан.