Акыйкатчы Институту Башкы прокуратураны Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүүгө чакырды

19-сентябрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевден кабар алды. Бул тууралуу «Клоопко» 20-сентябрда аталган инстутуттун басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Карабаев Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдогон. Анда ал тергөө ишинин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, жардам берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, тергөө учурунда ага күч колдонулган.

«Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылды», — дешти мекемеден.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова Илимдер академиясынын абактагы мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин өмүрү коркунучта экенин айтып чыккан.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кесиптешин УКМКнын буйрутмасы менен «ыңгайлуу» эксперттик корутунду чыгарып бергени үчүн сынга алган. Көп өтпөй атайын кызмат Карабаевди «Жапырт башаламандыкка чакырык жасоо» айыбы менен кармаган.