Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары эки айга камалды

Image description26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматында иштеген Алмамбет Салиевди 4-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун маалымтына ылайык, Салиев «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыпталууда. Анын камакка алынганын күн мурун бир катар басылмалар жазган. Азырынча УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Салиев 2021-жылы да мыйзамсыз баюу айыбы менен кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал президенттик аппаратта иштеп турганда расмий кирешесинен кыйла көп суммага мүлктөрдү сатып алган.

Салиевди президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы дайындаган. Бул кызматта иштеп турган кезинде Салиевди укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн аракеттерин көзөмөлдөгөн «көмүскө башкаруучу» деп атап келишкен.