Ошто компьютердик жана түнкү клубда баңгизат сатууга шектелип 33 жаштагы киши камакка алынды

Image descriptionБул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Rampage (Рэмпейдж) компьютердик клубунда администратор болуп иштеп, баңгизат сатып жүргөн деп айыпталууда. Андан 0,35 жана 1,13 грамм гашиш баңгизаттары алынган.

13-сентябрда Ош шаардык соту шектүүнү бир айга камакка алды. Тергөө уланууда.