Тоң райондук сотунун төрагасы «опузалап пара талап кылууга» шектелип кармалды

Image descriptionБул тууралуу 30-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 3 миң доллар опузалап, 27-сентябрда ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалган.

«Тинтүү учурунда төрагадан 2 миң 500 доллар, ал эми ортомчудан 500 доллар алынган», — дешти атайын кызматтан.

28-сентябрда Кыргызстандын судьялар кеңеши айыпталуучуну 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алды. Териштирүү уланууда.