Каржы министрлиги: Бардык мектепти китеп менен камсыз кылуу үчүн 8 млрд сом талап кылынат

Парламенттеги Социалдык саясат комитетинин жыйынында Кыргызстан мектептериндеги китеп тартыштыгы маселеси көтөрүлдү. Депутат Жылдыз Садырбаева бул суроо менен каржы жана билим берүү министрлерине кайрылды.

Анын айтымында, жыл сайын сентябрда окуу китептеринин тартыштыгы боюнча даттануулар болот.

«Жыл сайын стресс — же мектептер китеп менен камсыз кылынбайт, же сатып алууга мүмкүн эмес», — деди Садырбаева.

Өз кезегинде каржы министри Алмаз Бакетаев мектептердин китепке болгон муктаждыгын толук жабуу үчүн 8 млрд сом талап кылынарын билдирди. Анын айтымында, сумма өтө чоң болгондуктан, бул ишти этап-этабы менен гана аткаруу мүмкүн.

«Биз жыл сайын 150 млн сомго план коёбуз. Бирок ачык айтканда бүгүнкү күндө 8 млрд сом керек. Ошондуктан бул маселени 2-3 жылдын ичинде чечүү үчүн азыр Билим берүү министрлиги менен биргеликте реформаларды жүргүзүп жатабыз. Азырынча китептердин электрондук версияларын киргизүү мүмкүндүгүн издеп жатабыз», — деди Бакетаев.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы окуу китептерин сатып алууга 137 миллион сом, 2024-жылы 152 миллион сом бөлүнгөн. Мекеме башчысынын орун басары Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата бул каражаттын 80-90% сарпталды.