«Инвестиция 400 млн доллардан ашты». Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт курулат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш жана Курманбек айыл аймагында 360 гектар жерге эл аралык аэропорт курулуп, Нарын жана Ысык-Көлгө да аба каттамдары уюштурулат.

29-сентябрда Камчыбек Ташиев долбоорду ишке ашырууга макулдашкан инвесторлор менен бирге аэропорт курулуучу аймакка барган видеону «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов жарыялады.

Маалыматка ылайык, аэропорттун курулушуна 400 млн доллардан ашык инвестиция салынды. Аба майданынын учуу тилкеси төрт чакырымды түзүп, жүргүнчү жана жүк ташуучу учактарды кабыл алары айтылат.

Долбоорду Кыргыз өкмөтү Орусиялык жана Түркиялык инвесторлор менен ишке ашырып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлдөйт.

«Жакында инвесторлор менен өкмөттүн арасындагы келишимге кол коюлат. Долбоор жасалып, жазында аэропорттун курулуш иштери башталат. Инвесторлор менен сүйлөшүүнүн негизинде курулуш эки жылда бүтүшү керек», — деген Ташиев.

31-июлда «Манас» аэропортунун директору Манасбек Самидинов жарым жылдын отчётун берип жатып Жалал-Абадга жаңы эл аралык аэропорт куруу үчүн жер бөлүнгөнүн билдирген.