Ошто судья тамырын кесип ооруканага түштү, абалы орто оор

Image descriptionОш облустук сотунун судьясы өз өмүрүнө кол салып ооруканага түштү, учурда жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» 1-октябрда шаардык милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда милицияга Ош облустук ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда аталган оорукананын реанимация бөлүмүнө 51 жаштагы тургундун сол колу кесилип, көп кан кетип келгени тууралуу айтылган.

Милициядан ал абалына байланыштуу сурак бере албагандыктан акт түзүлүп, соттук химиялык жана медициналык экспертизалар дайындалганын билдиришти.

«Анын жакындары суралып, окуя эмне себептен болгону тууралуу маалыматтар алынып жатат», — деп кошумчалашты милициядан.

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев «Азаттыкка» судья сол колунун күрөө тамырын кескенин, ага операция жасалганын жазды. Дарыгердин айтымында, учурда бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда.