Алтынбек Кылычбаев Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болуп катталды

Image descriptionБШК Алтынбек Кылычбаевди бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча парламенттин жаңы депутаты катары каттады. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Кылычбаев 22-сентябрда бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жеңишке жеткен. Ал 10 174 шайлоочунун (48,32%) добушуна ээ болгон.

Буга чейин Сузак округунан Тазабек Икрамов депутат болуп шайланып келген. Бирок 19-июлда ал өз каалоосу менен мандатын тапшырып берип, бул анын «жеке чечими» экенин белгилеген.