Депутат Сыдыков мамлекеттик ишканаларды көбөйтпөй, жеке менчикке берүүнү сунуштады

Депутат Бактыбек Сыдыков парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Минкабдын мамлекеттик ишканаларды «көбөйтүп жаткан» саясатын сынга алды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, 2021-жылдан бери өлкөдө 10го жакын жаңы мамлекеттик ишкана түзүлгөн.

«2021-жылдан баштап финансылык активдер менен капитализация 54,5 миң пайызга өстү. Биз болжол менен 92 млрд сом акча салдык. А финансылык эмес активдерге 162 млрд акча салыптырбыз. Бул толук эмес үч жылдын ичинде»,
 — деди каржы министри Алмаз Бакетаев. 

Анын айтымында, бул мамлекеттик ишканалар дивиденддерди алып келүүдө: 2023-жылы алардан дивиденд катары 18 млрд сом, 2024-жыл 21 млрд сомдон ашык каражат түшкөн.

Жооп катары Сыдыков болгону алты гана мамлекеттик ишкана дивиденд алып келип жатканын айтты.

«Натыйжасы болбой жатат, болбойт дагы. Буга чейин 96 ишкана болгонун, азыр алар кыскартылып жатканын айтууда. Анткени алты мамлекеттик мекемеден башка баарынын кереги жок. Ошолордун баарын сатпайсыңарбы дегенбиз. [...] А биз болсо мамлекеттик ишканаларды көбөйткөндөн көбөйтүп жатабыз. [...] Мына, “Кыргызиндустрия” 18ден ашык ишкана түздү, анын үчөө эле иштеп жатат деп уктум. “Кыргыз туризм” эмне болду? Кандай чыр менен бүттү? Ушуну токтотпойлубу?» — деди депутат.
 
Ал Минкабды мамлекеттик ишканаларды жеке менчикке берүүгө чакырды.

Июндун аягында Жогорку Кеңеш «Ишкерлик субъектилерди текшерүү тартиби жөнүндө» жана «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Ал документ мамлекетке экономиканын каалаган тармагына монополия киргизүүгө мүмкүндүк берет. Эксперттердин пикиринде, бул өлкө экономикасы үчүн чоң тобокелдиктерди алып келет.