УКМК: Бишкектеги «Детский мир» соода борбору «ыктыярдуу түрдө» мамлекетке кайтарылды

УКМК 1-октябрда Бишкектеги «Детский мир» соода борборунун ээлери имаратты өз каалоосу менен мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, соода борборго маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы бар адамдар ээлик кылган. Анын имараты 900 млн сомго бааланды.

Менчиктештирилгенге чейин соода борборунун ордунда «Октябрдын 40 жылдыгы» атындагы тигүү цехи жайгашкан. 2004-жылы ал менчиктештирилип, 13 миң чарчы метр аянтын «Рос-Трейд» ЖЧКсы алган.

«2009-жылы А.М.С аттуу директору ишканага жеке өзү ээлик кылууну каалап, ишенимдүү адамы болгон А.Адан баш тартып, Камчы Көлбаев менен өнөктөштүк мамиле түзгөн. Жыйынтыгында кримтөбөл “Рос-Трейд” компаниясынын 50% үлүшүнө жана жалпы аянты 2900 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратка ээлик кылып калган»,
— деп билдиришти УКМКдан.

Атайын кызматтан 2020-жылы А.М.С «Детский мирдин» имаратын инвесторго 6 млн долларга сатып, анын 2 млн 300 миңин Көлбаев алганын кошумчалашты.

А.М.С УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Ал уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп шектелүүдө. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.