Энергетика министри: Кудай буюрса, быйыл кышында Бишкекте ыш болбойт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Биринчи Радионун» түз эфиринде быйылкы кышта Бишкекте ыш болбойт деп болжолдоду.

Анын айтымында, бул үчүн Кыргызстандын бийлиги чоң иштерди аткарууда.

«[Бишкек] мэриясы тигүү цехтеринен чыккан чүпүрөктөрдү, желимдерди өрттөп жаткан мончолорду жана башка жайларды аныктады. Ошондой эле от казандар газга өткөрүлүүдө. Биздин “Газпром” [үйлөрдү] газдаштырып жатканын да айта кетишибиз керек», — деди Ибраев.

Министр ошондой эле шаарда газ менен жүргөн автобустар каттап жатканын эске салды.

«Дизель менен жүргөн автобустарды алгандан кийин аба тазарып калганын силер да көрдүңөр», — деди ал.

Ибраев мындан тышкары Бишкек ЖЭБин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөнүн билдирди. Абанын булганышын азайтуу үчүн ага жаңы фильтрлер орнотулат.

«Биз ЖЭБде реконструкция, капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Кудай буюрса, 3-4 блокту реконструкциялап, фильтрлерди алмаштыргандан кийин [ЖЭБге] экологдор менен журналисттерди алып барабыз… Кудай буюрса, быйылкы кышта ыш болбойт», — деди министр.

Ибраев ЖЭБдеги бул иштер Азия өнүктүрүү банкынын экологу даярдап берген изилдөөгө ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.