Сот Эркин Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтүн узартты

Image descriptionКаракол шаардык соту кримтөбөл Эркин Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылганын билдирди.

Шаардык соттун басма сөз кызматы 27-сентябрда судья УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырганын белгилешти.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, ошондой эле маркум кримтөбөлдөр Рыспек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары белгилүү Эркин Мамбеталиев август айында кармалган.

Ал кезинде үч адамдын, анын ичинде милициянын полковниги менен депутаттын өлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин анын иши кайра каралып, эркиндикке чыккан.