Ташиев УКМК кызматкерлерине мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүгө тыюу салды

Image descriptionУКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мекеме кызматкерлерине «катуу эскертүү берип», аларга атайын кызмат жетекчилеринин жакын туугандарынын өтүнүчтөрүн аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүгө тыюу салган буйрукка кол койду. 

УКМКнын басма сөз кызматы мекеме кызматкерлеринин «тартибине жогорку талаптар коюла баштаганын» белгиледи.

«Өздүк курамдын арасында атайын кызматтын өкүлдөрүнө таандык болгон жогорку моралдык-кулк мүнөздүн рухун камсыз кылуу жана колдоо боюнча иштер күчөтүлдү»,
— деп билдиришти мекемеден.

Апта башында Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алып берүүгө көмөктөшкөнү үчүн УКМКнын жети кызматкери жазаланганы белгилүү болгон. Ага чейин Ташиев кол алдындагы кызматкерлерди анын жакындары жана тааныштары менен мамиле кылбоого чакырган.