Темиров: Өзгөндөгү айланма жолду курууга Ташиевдин уулунун тиешеси бар

Иликтөөчү журналист Болот Темиров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын Ош облусунун Өзгөн шаарындагы биринчи акы төлөнүүчү айланма жолдун курулушу менен байланышы бар экенин билдирди.

Темиров өзүнүн YouTube каналында долбоорго эки компания: «Тез Жол» жана «Жагалмай» катышып жатканын айтты. Эки компания тең жолду куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишимге кол коюшкан.

Темиров бул өлкөдөгү биринчи акы төлөнүүчү жол болорун, ал эми аталган жолдон мамлекет гана эмес, жогорудагы эки компания да пайда аларын белгилеген.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында «Тез жол» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таймурас Ташиев экени көрсөтүлгөн.

Ал ортодо «Жагалмайдын» негиздөөчүсү Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча «Грант Холдинг» ишканасы. Бул компаниянын негиздөөчүсү ким экенин карасак, Таймурас Ташиев да ошол жерде жазылган. «Грант холдингдин» экинчи негиздөөчүсү экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов.

Буга чейин «Грант Холдинг» Каныш-Кыя айыл аймагынын Чаткал дарыясында чакан ГЭСтерди куруу долбоорлору менен да алектенери белгилүү болгон. Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин башчысы Талантбек Имановдун айтымында, 213 миллион долларлык долбоордо компания «башкы өнөктөш» ролун аткарат.

Өзгөндү айланып өтүүчү жол негизги Бишкек — Ош жолуна альтернатива болору күтүлүүдө. Анын узундугу 13 км 491 метрди түзөт.

Президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде Ташиевдин тун уулу Таймурас Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна катышып жатканын тастыктады. Садыр Жапаров Таймураска «рахмат айтууга» чакырып, алардын сунушуна башка бир дагы компания жооп кайтарбаганын билдирди. Жапаров муну айланма жол долбоору «өзүн акташы көп убакытты талап кылары» менен байланыштырды. Ошондой эле ал мамлекет башка жолдорду да жеке жактарга берүүгө даяр экенин кошумчалады.